Коом
Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду
Элита плюс
Февраль 11, 2021 г.
Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду
© Элита плюс

Бүгүн, 11-февралда саат 03:24тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура, Икизяк айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.