Коом
Ошто дезинфекциялоо иштери активдүү жүрүүдө
Элита плюс
Июнь 22, 2020 г.
Ошто дезинфекциялоо иштери активдүү жүрүүдө
© Элита плюс
Ошто дезинфекциялоо иштери активдүү жүрүүдө
© Элита плюс
Ошто дезинфекциялоо иштери активдүү жүрүүдө
© Элита плюс

Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 22-июнуна чейин Ош облусунда 6 068 621 чарчы метр имараттын ичи, 30 392 981 чарчы метр имараттын сырты жана 11 621 623 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.