Коом
Ошто 100 орундуу жаңы балдар бакчасы ачылды
Элита плюс
Январь 14, 2021 г.
Ошто 100 орундуу жаңы балдар бакчасы ачылды
© Элита плюс

Бүгүн, 14-январда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында №81 Балапан балдар бакчасы ачылды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 100 орундуу балдар бакчасынын ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү бюджеттен келечек муундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 5 балдар бакчасынын курулушу башталып, үчүнчүсү колдонууга берилип жаткандыгын баса белгиледи.

“Келечек ээлери үчүн ак кызмат кылып, алардын билими үчүн, аң сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүп берүү милдетинде кызмат кылып жатабыз. Буюрса өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 2 жаңы бала бакчаны, 500 орундуу мектептин кошумча имаратын шаардыктардын колдонуусуна бергенбиз. Эми мынтип жыл башында жаңы балдар бакчасын тапшырып отурабыз. Балапан балдар бакчасынан тарбияланган ар бир бала мекен, эл үчүн кызмат кылган, жигердүү инсан болуп калыптанышына тилектешмин”,- деди шаар башчысы.

Ак-Тилек кичи районуна курулган 100 орундуу бала бакча эки кабаттан турат. Жылытуу үчүн өзүнчө отказаны жана бардык шарттары менен курулган. Курулуш иштерин "Мираж" ЖЧКсы жүргүзгөн.

Мэриядан кошумалашкандай, Ош шаарында жергиликтүү бюджеттен дагы эки балдар бакчасы курулуп жатат. Жакынкы аралыкта алар да колдонууга берилет.