Аймактар
Ош: Стационарларда 1,5 миң орун даяр
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Ош: Стационарларда 1,5 миң орун даяр
© Элита плюс

Ош облусунда күндүзгү стационарларда 1,5 миң орун даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ош облусунда пандемияга каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмеси өтүп, ага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов катышкан.

Кеңешмеде Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаят Абдурахманов Араван районунда коронавирусту жуктургандар көп болуп жатканын билдирген.

"Ош облусунун аймагында жылуулук менен камсыз болгон имараттарда күндүзгү стационарлар үчүн 1 миң 423 даяр. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин талабы менен ачылат. Учурда Ноокат районундагы күндүзгү стационар ачылды. Эскерте кетсек Ош облусу өлкөдө илдетти жуктургандардын саны боюнча экинчи орунда турат", - деп билдирет өкүлчүлүк.

Кеңешмеде облус башчысы Кара-Суу районунда жаңы ачылган облустук жугуштуу оорулар ооруканасын толук кандуу иштетүү талабын койгон. Ал аталган ооруканада 120 орун болсо, ал жакта 65 гана бейтап жатарын билдирген. Ошондой эле ал алдын алуу иштерин күчөтүү керектигин айткан.

"Алдын алуу иштерди күчөтүү үчүн райондук штаб башчылары менен жумасына 3 жолу онлайн кеңешме өткөрүп, талкуулап чара көрүү талабы коюлду. Дарыгерлер элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектиги белгиленди. Анткени бейтаптар өз алдынча же жеке ооруканаларда дарыланып, абалы начарлаганда оор акыбалда кайрылып, дарылоо оорчулук туудуруп, тилекке каршы өлүмгө алып келген учурлар бар. Мындан сырткары адистер ПЦР анализ алууга жетишпей жатат. Анткени адистердин арасында ооругандар бар. Ошондой эле ПЧР-тесттер жетишсиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүлгөн", - деп билдирет өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Ош облусунун пандемияга каршы күрөшүү боюнча штабы зарылдык болсо, облуста кайрадан чектөө киргизилерин билдирет.