Аймактар
Ош шаарынын жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даяр
Элита плюс
Сентябрь 07, 2020 г.
Ош шаарынын жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даяр
© Элита плюс

Ош шаарынын жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында маалым болду.

Ош мэриясынын маалыматы боюнча, жылуулук электр борборундагы буу казандар кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. Ошондой эле жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактар даяр.

Биринчи вице-премьер-министр күз-кыш мезгилдеринде ЖЭБде штаттан тышкары жагдайларга жол бербөө жана жылуулук түйүнүндөгү ар кыл маселелерди ыкчам чечүүгө даярдыкты камсыздоо керектигин белгиледи.

Ош шаарындагы ЖЭБ 330 көп кабаттуу үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 19 бала бакчаны, 19 мектепти, 8 окуу жайды жана башка обьектилерди жылуулук менен камсыз кылат.