Аймактар
Ош шаарынын 3020 жылдыгына карата иш-чара өтөт
Элита плюс
Октябрь 03, 2020 г.
Ош шаарынын 3020 жылдыгына карата иш-чара өтөт
© Элита плюс

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, негизги майрамдык иш-чара борбордук аянтта орун алып, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолот. Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр болуп, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт болот. Кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат.