Аймактар
Ош шаарындагы ички арыктарды оңдоп түзөө иштери уланууда
Элита плюс
Апрель 14, 2023 г.
Ош шаарындагы ички арыктарды оңдоп түзөө иштери уланууда
© Элита плюс

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө арыктарды оңдоп, жаңылоо иштери жүрүүдө, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, учурда эски лотокторду демонтаждоо жана жаңы лотокторду коюу боюнча көлөмдүү жумуш жасалууда. Аталган тилкедеги арыктын узундугу 345 метрди түзөт.

Алдыда Курманжан-Датка көчөсүндөгү ирригациялык тармактарды да оңдоп түзөө каралган. Эки көчөнүн жалпы узундугу 700 метрден ашат.

Мындан тышкары, Амир-Тимур (Калинина) көчөсүнө 10 байкоочу скважина орнотуу жана бул көчөнүн боюндагы жер асты сугат каналдарын тазалоо иштери каралган.