Коом
Ош шаарында өткөн аптада жалпысынан 231 кылмыш катталды
Элита плюс
Декабрь 21, 2020 г.
Ош шаарында өткөн аптада жалпысынан 231 кылмыш катталды
© Элита плюс

Ош шаарында өткөн аптада жалпысынан 231 кылмыш катталды. Басымдуу көпчүлүгү уурулук жана алдамчылык. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катталган кылмыштардын ичинен 177 кылмыштын бети изи сууй электе ачылган. Калганы азырынча ачыла элек кылмыштардын үстүнөн ыкчам иш чаралар уланып жатат.

Апта аралыгында өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Шаар аймагында иштеп жаткан патрулдук милиция кызматы тарабынан 7-декабрдан 20-декабрга чейин жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 347 айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Алардын арасында мас абалында машина айдаган 30 айдоочу да бар. 49 машина айып короосуна токтотулган. Патрулдук милиция кызматы тарабынан 102 кызматы аркылуу түшкөн 75 дарек текшерилип, жарандарга ыкчам жардамдар көрсөтүлгөн.