Аймактар
Ош шаарында стол тенниси боюнча ачык чемпионат өттү
Элита плюс
Март 14, 2023 г.
Ош шаарында стол тенниси боюнча ачык чемпионат өттү
© Элита плюс
Ош шаарында стол тенниси боюнча ачык чемпионат өттү
© Элита плюс
Ош шаарында стол тенниси боюнча ачык чемпионат өттү
© Элита плюс

Ош шаарынын теннис жана стол тенниси спорт мектебинин базасында балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында стол тенниси боюнча ачык чемпионат өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге тогуз жаштан 70 жашка чейинки курак категориясында 130дан ашык спортчу катышты.

Турнирдин жеңүүчүлөрү, байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары, баалуу сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле турнирдин жеңүүчүлөрү Бишкек шаарында өтүүчү өлкө чемпионатына тандоого катыша алышат.