Коом
Ош шаарында үчүнчү ипотекалык үйдүн курулушу башталды
Элита плюс
Январь 14, 2021 г.
Ош шаарында үчүнчү ипотекалык үйдүн курулушу башталды
© Элита плюс

Ош шаарында 9 кабаттуу үчүнчү ипотекалык үйдүн курулушу башталды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-январь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ипотекалык негизде курулуп жаткан үйдүн курулушуна капсула салды. Иш-чарага шаардагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Т.Сарыбашов акырындык менен муниципалдык кызматкерлердин, дарыгер, мугалимдердин, тарбиячылардын үйгө болгон муктаждыгын жоюп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да жакшы сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгын билдирди.

Көкүм-Бий дареги боюнча салынып жаткан көп кабаттуу үй 45 батирге ылайыкташтырылган. 2 бөлмөлүү батирден – 36, 3 бөлмөлүүдөн – 9 батир жайгашкан. Ал эми бир бөлмөлүү батир жок.

Курулуш иштери 2022-жылдын алгачкы айларында бүтүп, шаардыктарга тапшыруу пландалып жатат.