Аймактар
Ош шаарында 500 миң сомдук контрабандалык жүк аныкталды
Элита плюс
Март 06, 2023 г.
Ош шаарында 500 миң сомдук контрабандалык жүк аныкталды
© Элита плюс
Ош шаарында 500 миң сомдук контрабандалык жүк аныкталды
© Элита плюс

Ош шаарында контрабандалык жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Ош шаарында Т.Ж.Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алган.

Текшерүү учурунда унаадан 15 даана уктоочу эмеректердин комплекттеринин тетиктери табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган товардын жалпы салмагы 3810 кг, баасы 525 миң сомду түзөт.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.