Коом
Ош шаарында 2 айдын ичинде "118" байланыш кызматына 1700дөн ашуун жаран кайрылган
Элита плюс
Июнь 29, 2020 г.
Ош шаарында 2 айдын ичинде "118" байланыш кызматына 1700дөн ашуун жаран кайрылган
© Элита плюс

Ош шаарында 2 айдын ичинде "118" байланыш кызматына 1700дөн ашуун жаран кайрылган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Май айынан баштап "бейтап-байланыш борбору-саламаттык сактоо системасы" аталышындагы өз алдынча дартты аныктоо алгоритминин алкагында, Саламаттык сактоо министрлигинин "118" ыкчам байланыш кызматы ишин баштаган. Анын алкагында Ош шаарында акыркы эки айдын ичинде 1756 жаран байланышка чыгып, анын 652си коронавируска шектүү деп саналган. Шаар тургундары түз байланыш аркылуу тийиштүү адистерден медициналык кеңеш алышкан. Дарыгер, эпидемиологдор жана лобаранттардан түзүлгөн мобилдик медициналык топ 264 чакырууну кабыл алып, жеринен кеңештерин берип, вирус туурасында маалымат беришкен. 16 бейтап ооруканага жеткирилип, анализ алынып, санитардык-көзмөлдөө борборуна өткөрүлдү. Баардык маалыматтар ыкчам түрүндө Ош шаары жана Ош облусу боюнча түзүлгөн штабга жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна берилип турат. Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарына шек санап жаткан учурда 118 түз байланышына чалып, маалымат алууга чакырат. Эгерде жугуштуу оорунун белгилери байкалса, анда мобилдик топ бейтаптын үйүнө барып экспресс-скрининг алышат.