Коом
Ош обусунда коменданттык саатты бузган 39 жаран, анын ичинде 2 чет элдик кармалды
Элита плюс
Март 28, 2020 г.
Ош обусунда коменданттык саатты бузган 39 жаран, анын ичинде 2 чет элдик кармалды
© Элита плюс

Ош облусундагы өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондорунда коменданттык саатты бузган 39 жаран, анын ичинде 2 чет элдик кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын көпчүлүгүн жаштар түзөт.

"Ош облусунда таңкы саат 07:00гө карата коменданттык саатты бузган 39 жаран кармалган. Алардын ичинен 2 адам Индиядан келген студенттер. Кармалгандар райондук ички иштер бөлүмүнө жана комендантурага алынып келинген", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 157, Жалал-Абад шаарында 20, Сузак району боюнча 6 адам кармалган.

27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген жерлерде 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.