Коом
Ошто коменданттык саат эрежелерин 44 адам бузган
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
Ошто коменданттык саат эрежелерин 44 адам бузган
© Элита плюс

Ош облусунда 26-марттын саат 20:00дөн 27-марттын саат 07:00гө чейинки убагында коменданттык эрежелерди 44 адам бузган. Бул тууралуу короновируска каршы түзүлгөн республикалык штабдын пресс-борбору билдирет.

Алар: Ош шаарынан – 22 адам; Кара-Суу районунан – 20 адам; Ноокат районунан – 2 адам.

Белгилүү болгондой, жалпы Ош облусунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө.