Коом
Ош базардагы башаламан сооданы жоюу иштери уланууда
Элита плюс
Май 23, 2023 г.
Ленин райондук акимчилиги Ош базарынын аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө башаламан сооданы жоюу иштерин улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, "Ош базары" соода борборунун айланасы - Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү тазаланды.
Рейддин жүрүшүндө жол кайгуул кызматы тарабынан мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды.
Ошондой эле башаламан соода менен алектенген жарандарга карата протоколдор түзүлдү.
Бул багыттагы иштер күн сайын жүргүзүлүүдө.