Саясат
Орусиянын президенти Владимир Путинди Акылбек Жапаров тосуп алды
Элита плюс
Декабрь 09, 2022 г.
Орусиянын президенти Владимир Путинди Акылбек Жапаров тосуп алды
© Элита плюс

Кыргыз Республикасына Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин келди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Манас» Эл аралык аэропортунда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациянын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.