Коом
Орусиянын Новосибирск облусунан 192 жараныбыз Кыргызстанга кайтып келди
Элита плюс
Июль 10, 2020 г.
Орусиянын Новосибирск облусунан 192 жараныбыз Кыргызстанга кайтып келди
© Элита плюс

Орусиянын Новосибирск облусунан 192 жараныбыз Кыргызстанга кайтып келди. Алардын арасында кош бойлуу аялдар жана жаш балдары бар аялдар, улгайган адамдар бар. Ошондой эле, Новосибирсктин байтапканасынан операция болгондор, Сибирдеги жогорку окуу жайларда билим алган студенттер келди. Алардан сырткары Кыргызстандагы медициналык мекемелерге COVID-19 илдети менен күрөшүүгө ыктыярчы - дарыгер, медайымдар учуп келди. Тышкы иштер министрлиги өкүлдөрү жарандарды кайтаруу боюнча иштер дагы улантылаарын билдирди.