Коом
Орусиядан Ошко 325 жаран келди
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
Көрүүлөр: 0
Орусиядан Ошко 325 жаран келди
© Элита плюс

Бүгүн Москвадан Ош шаарына 325 кыргызстандык жаран, анын ичинде кийинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тандоо жарандардын кайрылууларынын, анын ичинде кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.

Учуп келген жарандардын баары тиешелүү түрдө обсервацияга жаткырылат.