Коом
Орусиядан 161 кыргызстандык кайтып келди
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Орусиядан 161 кыргызстандык кайтып келди
© Элита плюс

Орусиядан “Москва-Ош” багыты боюнча чартердик каттамы менен 161 кыргызстандык кайтып келди. Алардын арасында кичинекей балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар келген. Мындан сыртКары  оор илдет менен ооруган жарандар, хирургиялык операция жасаткан мекендештер   келишкен.  Учакта орундуктардын саны чектелүү болгондуктан жүргүнчүлөрдүн тизмесин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, кыргыз диаспорасынын,  өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтардан турган атайын комиссиясы түзгөн. Ал эми чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын  жарандарын алып келүү иштери дагы улантылат.