Коом
Орусияда жаңы бут кийимдин ичинен сырдуу кат табылды
Элита плюс
Ноябрь 17, 2020 г.
Орусияда жаңы бут кийимдин ичинен сырдуу кат табылды
© Элита плюс

Орусияда Санкт-Петербург шаарынын тургуну жаңы алган бут кийиминин ичинен Кытайдан жардам сурап жазылган кат таап алды. Бул тууралуу орус басылмалары "Mash на Мойке" аттуу телеграм-каналга таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда катта: "Жардам бергиле. Кытайдын абагында жатам. Мен уйгурмун деп жазылганы айтылат.

"Катты таап алган бут кийимдин ээси дүкөнгө барып бут кийим Кытайдын кайсы жагында тигилгенин аныктаганга аракет кылган. Дүкөндүн жетекчилиги бул тууралуу маалыматы жок экенин айтып, кардарын дистрибьюторлорго жөнөткөн. Бирок алар дагы маалыматты тактоого жардам бере алган эмес. Күтүүсүздөн сырдуу кат таап алган тургундун аты Арслан экени белгилүү болду. Ал бул кат Кытайда улуттук азчылыктын өкүлүнөн келгенин айтып, окуясы тууралуу социалдык тармактарга жазып чыккан", - деп жазылат маалыматта.