Дүйнөдө
Орусияда сутка ичинде коронавирустан 559 жаран каза болду
Элита плюс
Декабрь 09, 2020 г.
Орусияда сутка ичинде коронавирустан 559 жаран каза болду
© Элита плюс

Орусияда сутка ичинде коронавирустан 559 жаран каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 26 миң 190 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 559 адам каза болсо, 26 миң 266 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 5145

Санкт-Петербург - 3761

Москва облусу - 494

Нижегород облусу- 485 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 541 миң 199 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 44 миң 718 адам каза болсо, 2 миллион 7 миң 792 бейтап айыгып чыкты.