Коом
Орусияда Кыргыз жаранынын бир жаштагы баласы ваннадагы сууга тумчугуп чарчап калды
Элита плюс
Февраль 17, 2021 г.
Орусиянын Москва облусундагы батирлердин бириндеги Кыргыз жаранынын бир жаштагы баласы ваннадагы сууга чөгүп кетип чарчап калды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 15-февралда болгон. Анда 26 жаштагы кыргыз жараны бир жаштагы баласын ваннага жуунтуп жатып, бир азга аны жалгыз калтырып койгон. Энеси келгенде ымыркай сууга тумчугуп чарчап калган.
Булак: Super.kg