Дүйнөдө
Орусияда коронавирустан сутка ичинде 600гө чукул адам каза болду
Элита плюс
Декабрь 02, 2020 г.
Орусияда коронавирустан сутка ичинде 600гө чукул адам каза болду
© Элита плюс

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 25 миң 345 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 589 адам каза болсо, 26 миң 882 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 5191 (айыккандар 6575);

Санкт-Петербург - 3684 (айыккандар 1873);

Москва облусу - 1148 (айыккандар 76);

Нижегород облусу- 473 (айыккандар 490) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 347 миң 401 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 41 миң 53 адам каза болсо, 1 миллион 830 миң 348 бейтап айыгып чыкты.