Дүйнөдө
Орусияда коронавирустан сутка ичинде 355 бейтап каза болду
Элита плюс
Ноябрь 03, 2020 г.
Орусияда коронавирустан сутка ичинде 355 бейтап каза болду
© Элита плюс

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 18 миң 648 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 355 адам каза болсо, 15 миң 331 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 5150 (айыккандар 3647);

Санкт-Петербург - 944 (айыккандар 484);

Москва облусу - 567 (айыккандар 415);

Нижегород облусу- 391 (айыккандар 279) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 673 миң 676 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 28 миң 828 адам каза болсо, 1 миллион 251 миң 364 бейтап айыгып чыкты.