Дүйнөдө
Орусияда бир суткада 65 адам каза болду
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
Орусияда бир суткада 65 адам каза болду
© Элита плюс

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 744 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 65 адам каза болсо, 2 миң 456 бейтап айыгып чыкты. Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен Москва шаарында - 625, Санкт-Петербург шаарында - 182, Москва облусунда - 148, Ростов облусунда - 131 адам жана калгандары башка аймактардан. Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы: 961 миң 493 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 16 миң 448и каза болду, 773 миң 95и айыгып чыкты.