Дүйнөдө
Орусия: Чек аралар кайра жабылышы мүмкүн
Элита плюс
Октябрь 05, 2020 г.
Орусия: Чек аралар кайра жабылышы мүмкүн
© Элита плюс

Орусияда коронавируска чалдыккандардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу чек аралар кайрадан жабылып, каттамдардын саны кыскарышы мүмкүн. Мындай маалыматты Орусиянын Федерация Кеңешинин социалдык комитетинин башчысынын биринчи орун басары Валерий Рязанский «РИА Новости» агенттигине билдирген.

«Албетте, Орусиянын чек араларын жаап койсок болот, анткени биз ушундай багытта бара жатабыз«, — деди Рязанский «РИА Новости» агенттигине ооругандардын көбөйгөнүнө тынчызданган журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Ал ошондой эле «адамдар канчалык көчөгө көп чыгып, көп кыймылдаса, жугуштуу оорулар ошончолук көп болот», — деди.

Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны 1 миллион 225 миң адамдан ашты, анын ичинен акыркы сутка ичинде 10 миң 888 адамга жукту. Өлкөдө коронавирустан дээрлик 25 миң адам көз жумган.