Дүйнөдө
Орусия: Бир кундө 8 миңден ашык адамдан вирус чыкты
Элита плюс
Сентябрь 29, 2020 г.
Орусия: Бир кундө 8 миңден ашык адамдан вирус чыкты
© Элита плюс

Орусияда бир суткада 8135 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул июнь айынан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин орус президенти Владимир Путин жарандарды санитардык талаптарды бекем сактоого чакырган. Москванын мэри Сергей Собянин жарандарды үйдөн иштөөнү улантууга үндөдү. Шаардагы коомдук жайларда, транспорттордо беткап жана колкап кийүү талабы күчөтүлдү.

Орусияда мектептер ишке киргенден бери коронавирус илдети 75% өскөнү, илдет тездик менен жайылып жатканы кабарланды.

Бүгүнкү күнгө чейин Орусияда 1,1 млн ашуун адам коронавирус илдетине чалдыккан. Өлкө оорунун жайылуусу жагынан АКШ, Индия жана Бразилиядан кийинки төртүнчү орунда турат.