Коом
Орто-Сай базары дезинфекцияланды
Элита плюс
Июнь 22, 2020 г.
Орто-Сай базары дезинфекцияланды
© Элита плюс
Орто-Сай базары дезинфекцияланды
© Элита плюс

Бүгүн  коронавирус илдетин алдын алуу максатында түзүлгөн пландын негизинде ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын 7 аскер кызматкери тартылып борбор калаадагы Орто-Сай базарынын айланасын жана соода түйүндөрүндө жөө кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 4500 кметри залалсыздандырылып, иш-чара уланууда. Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.