Активдүү интернет-блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча «Д.С.М.» аттуу активдүү интернет-блогер кармалды.
Такталгандай, кармалган блогер «Д.С.М.» социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.
2022-жылдын 12-декабрында «Д.С.М.» 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.