Аймактар
Онлайн карта аймактарда
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Онлайн карта аймактарда
© Элита плюс

Ооруканалардагы шарттар жана бош орундар тууралуу маалымат алуучу онлайн карта бардык аймактарда жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов Ала-Тоо 24 каналынын “Кеч эмес” берүүсүндө билдирди. Буга чейин карта Бишкек жана Чүй облустарында гана иштеп жаткан. Эми map.covid.kg картасы аркылуу республикада жайгашкан стационарлардын дарегин, номурларын, ресурстары, аппараттары жөнүндө маалыматтарды алса болот. Бул жарандарга бир топ жеңилдиктерди жаратат. Стационарлар 3 топко бөлүнүүдө: күнү-түнү иштеген, күндүзгү жана түнкү. Учурда онлайн картанын үстүнөн колдонууга ыңгайлаштыруу, жөнөкөйлөштүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.