Коом
Окуучулардын кышкы каникулун 17-январга чейин узартуу сунушталды
Элита плюс
Декабрь 02, 2020 г.
Окуучулардын кышкы каникулун 17-январга чейин узартуу сунушталды
© Элита плюс

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги жыйын өткөрүштү. Анда талкууланган маселелердин бири борбор калаадагы мектептерди ачуу болду.

Депутат Валентина Лисниченконун айтымында, ата-энелер онлайн окутуудан чарчаганын, балдар арасында суицид көп катталып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал кышкы каникулду, 14-декабрдан 2021-жылдын 17-январына чейин узартууну, андан кийин салттуу режимде окутууну баштоону сунуштады.

"Бул убакыт балдарга, ата-энелерге, мугалимдерге онлайн окутуудан эс алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми мектептердин окуучуларга босогосун ачууга даярдык көрүүсүнө дагы шарт түзөт. Эгер бул чечим колдоо тапса окуу жылын май айында жылдырса болот", - деди ал.

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев окуучулардын каникулу боюнча чечимди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл аларын белгиледи.