Коом
Окуучулар окшош форма кийишеби?
Элита плюс
Октябрь 02, 2020 г.
Окуучулар окшош форма кийишеби?
© Элита плюс
6-октябрдан тарта мектепке барып билим алчу окуучуларга окшош форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигиндеги Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова билдирди.

"Быйыл биз бирдей форма кийүү талабын алып салдык. Анткени өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал баарыбызга маалым. Ар кандай шарттагы үй-бүлөлөр бар, аларды жакшы түшүнүп турабыз. Мындан улам балдарын үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка), башкача айтканда, классикалык форма менен мектепке жиберсе болот. Эч ким ата-энени кыйнабайт", — деди Кусеинова.

Ошондой эле ал,  мектептерде окуу башталса, имараттын ичи дезинфекцияланып, окуу бөлмөлөрү танапис сайын желдетилип турарын кошумчалады. Окуучулардын ден соолугу күн сайын текшерилип турат.
Эске салсак, 6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Буга чейин 1-класстар гана кадимки тартипте билим алып жатышкан.