Коом
Окуу жайга тапшырууда маселе жаралса 1919 кыска номерине чалуу керек
Элита плюс
Июль 08, 2020 г.
Окуу жайга тапшырууда маселе жаралса 1919 кыска номерине чалуу керек
© Элита плюс

Окуу жайга тапшырууда маселе жаралса 1919 кыска номерине кайрылуу керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, жайында окуу башталганга чейин бир дагы абитуриент ЖОЖ же кесиптик орто окуу жайларга барбашы керек.

“Бардыгы онлайн режиминде өтүшү керек. Суроолор жаралса 1919 кыска номерине чалсаңыздар болот. Ошондой эле балдарга жеңилдиктерди түзүү үчүн ар бир мектепте маалымат борборун ачтык. Ал жерде дезинфекцияланган бөлмө ачылды жана сөзсүз түрдө интернетке туташтырылган компьютер коюлду. Окуу жайга тапшырууда интернет же башка көйгөй жаралса өзүңүздөрдүн мектебиңиздерге барып, кеп-кеңештерди алсаңыз болот. Бирок алдын ала сүйлөшүп, көп санда барбаңыздар”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, быйыл ЖОЖ жана кесиптик орто окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу толук түрдө онлайн өтөт.