Коом
Обсервациялык жайы ачылды
Элита плюс
Июль 23, 2020 г.
Куралдуу күчтөрдүн карамагында турган мурдагы транзиттик жүк ташуу борборунун аймагына обсервациялык жайы ачылды. Коргоо иштери боюнча комитетинин демилгеси менен ачылган жай эми жарандарды кабыл алып, дарылоо ыкмаларын жүргүзө баштайт. 400 орунга ылайыкталган имарат толугу менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүчү жабдуулар менен жабдылган. Анда борборлоштурулган кычкылтек системасы, желдеткичтер менен камсыз болгон жана жуунучу бөлмөлөрү бар.