Коом
Облустар аралык каттамдар токтойт
Элита плюс
Июль 09, 2020 г.
Облустар аралык каттамдар токтойт
© Элита плюс

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасы менен облустар аралык каттамдар 10-июлдан тарта токтотулат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, карантиндик кырдаалга байланыштуу Ош облусунда кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилүүдө.

Алар:

-ар бир райондун кире беришинде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт.

-облус аймагындагы базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү иштебейт, дезинфекцияланат.

-эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чаралардын, аш-тойлордун өткөрүлүүсүнө тыюу салынат. Жарандардын жаратылышка эс алууга чыгышына да уруксат берилбейт.

-мындан тышкары, той-мааракелерди өткөрбөө боюнча чектөөлөргө баш ийбегендерге, дары-дармек, азык-түлүк баасын жогорулаткандарга катуу чара көрүлөт.

Ош облустук казыятка илдетти жуктуруп албоо чаралары үчүн жума намаздарды токтотуу тууралуу сунуш берилди.