Саясат
Нурлан Шаршеналиев, Ноокен районунун акими: Ишеним жана жоопкерчилик жүктөлгөн соң, убакыт тар, ишти ушул мүнөттөрдөн баштайбыз
Элита плюс
Май 25, 2021 г.
Нурлан Шаршеналиев, Ноокен районунун акими: Ишеним жана жоопкерчилик жүктөлгөн соң, убакыт тар, ишти ушул мүнөттөрдөн баштайбыз
© Элита плюс
Нурлан Шаршеналиев, Ноокен районунун акими: Ишеним жана жоопкерчилик жүктөлгөн соң, убакыт тар, ишти ушул мүнөттөрдөн баштайбыз
© Элита плюс

Жалал Абад областына ратацияланган жаңы акимдерди тааныштыруу иш чарасы жыйынтыкталды. Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Нурлан Шаршеналиевди жергиликтүү кеңештин депутаттары, аймактык жетекчилерге жана жергиликтүү тургундарга, министрлер кабинентинин Жалал Абад областы боюнча куратору Улан Маматканов , министрлер кабинетинин аталган дубан боюнча расмий өкүлү, губернатор Абсаттар Сыргабаев тааныштырышты.

Өз кезегинде, Нурлан Шаршеналиев, Ноокен элине чоң жоопкерчилик жана ишеним артынып келгенин, убакыт тар, биримдикте ишти азыр баштоо зарылдыгын баса белгилеп, аймакка айыл чарбасын өнүктүрүүдө инвестиция алып келүү боюнча алгачкы макулдашуу бар экендигин билдирди.

Тагыраак айтканда, сапаттуу үрөн алып келүү жана өндүрүү боюнча ишкана ачуу. Ошондой эле, райондо салынып жаткан жолдун сапатына өзгөчө көңүл бөлүү керектигин айтты. Ал эми тааныштырып келген жетекчилерден таза суу маселесин чечүүдө көмөктөш болууларын суранды.