Парламент
Нурлан Шакиев согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды
Элита плюс
Май 08, 2023 г.
Нурлан Шакиев согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды
© Элита плюс
Нурлан Шакиев согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды
© Элита плюс
Нурлан Шакиев согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды
© Элита плюс

Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жеңиш майрамын утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, кабар алды.

Төрага ардагерди Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктап: "Сиздер кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүп, көп улуттуу Совет мамлекетинин бүтүндүгү жана тынчтыгы үчүн күрөшкөнсүздөр. Айрыкча мекен үчүн жасаган майдан талаасындагы эрдиктериңер менен сыймыктанабыз. Андыктан сиздердей ардагерлерибизге азыркы муун жана келечек урпактар да карыздар",- деди.

Муну менен катар кылым жашаган аксакалга дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тилегин төрага ала барган белектерин тапшырып, батасын алды.

Ал эми ардагер Аспек Жумашев: "Эгемен мамлекетибизди эмгек менен гана өнүктүрө алабыз. Ошондуктан жаштар Кыргызстан үчүн талыкпай кызмат кылып, элдин эртеңи үчүн эмгектенгиле. Биздин башыбыздан өткөн алаамат кайрадан кайталанбасын. Тынчтык менен бакубат турмуштун баркын билгиле",- деди.

Белгилей кетсек, Аспек Жумашев 18 жаш курагында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, ар кайсы фронттордо күжүрмөндүк менен душмандарга каршы күрөшкөн. Көрсөткөн эрдиги үчүн Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени баштаган жогорку даражадагы сыйлыктарга татыган. Үч уул, беш кызды тарбиялап өстүргөн аксакал азыркы тапта 21 неберенин, 22 чөбөрөнүн кадырлуу чоң атасы.