Коом
Нурлан Мотуев президенттик шайлоого аттанат
Элита плюс
Ноябрь 07, 2020 г.
Нурлан Мотуев президенттик шайлоого аттанат
© Элита плюс
Нурлан Мотуев президенттик шайлоого аттануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматына билдиришти.
 
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.
 
УКМК Мотуевге "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 2016-жылдын 13-майында кармаган. Бишкектин Свердлов райондук соту ошол эле жылдын август айында аны жети жылга эркинен ажыратып, сентябрь айынын аягында жатак абагына которгон.
 
Бирок Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилген. Көп өтпөй Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нурлан Мотуев 2018-жылы жатак абагына которулган.