Коом
Нурлан Мамытов: “MEGA компаниясынын уставдык капиталы 8,7 млрд сомго чейин жогорулады”
Элита плюс
Март 22, 2023 г.
Нурлан Мамытов: “MEGA компаниясынын уставдык капиталы 8,7 млрд сомго чейин жогорулады”
© Элита плюс

16-мартта «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы кеңсесинде (MEGA уюлдук оператору) акционерлердин жылдык жыйыны өткөрүлдү. MEGA компаниясынын жетекчилиги мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун жалгыз акционери болуп саналган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин 2022-жылдагы өндүрүштүк жана каржылык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары менен тааныштырды.

«Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов акционерге MEGA компаниясынын 2022-жыл ичиндеги каржылык-чарбалык иштеринин жыйынтыгы жана бюджеттин аткарылышы тууралуу баяндама берди. Уюлдук оператор бекитилген планды жана максаттуу көрсөткүчтөрдү алдын ала, ашыгы менен аткарган. Тактап айтканда, компания өткөн 12 ай ичинде MEGA түйүнүн оптимизациялоо жана өнүктүрүү боюнча масштабдуу жумуштарды аткарып, анын жыйынтыгында 200дөн ашык базалык станциялар ишке киргизилген.

Мындан тышкары, акционерлер көз карандысыз аудитордун корутундусу менен таанышып чыгышты, 2022-жылы түшкөн таза пайданын көрсөткүчүнүн 2021-жылга салыштырмалуу жогору болгондугу белгиленип, бөлүштүрүү маселеси каралды. Салтка айлангандай эле, түшкөн кирешенин бир бөлүгү республикалык бюджеттин эсебине которулат.

Жыйындын жүрүшүндө КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылга карата кирешелер, чыгашалар жана капиталдык салымдардын бюджетин бекитти. Ошондой эле анын катышуучулары компаниянын Уставына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизди жана биринчи жолу «Альфа Телеком» ЖАКтын Корпоративдик башкаруу кодексин бекитти.

«Акционер MEGA’нын базалык станцияларды курууну кошумча каржылоо демилгесин колдоду жана бул багытта Кыргызстандын алыскы аймактарына басым жасалмакчы. Акционер тарабынан түйүндү интенсивдүү өнүктүрүү стратегиясы жана компаниянын дивиденддерге байланыштуу жүргүзүп жаткан саясаты жактырылды», – деди «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов.

Баса белгилей кетсек, жыйындын соңунда акционер тарабынан MEGA компаниясынын уставдык капиталын 8,7 миллиард сомго чейин көбөйтүү чечими кабыл алынды.