Дайынсыз жоголгондорду жакындарына таап берүү менен көрүүчүлөргө көз жаш алдырган “Кайдасың?” көрсөтүүсүнүн автору Нуркамал Асканова КТРКда 1993-жылдан бери эмгектенет. Коомдук 1-каналдагы “Маалымат” чыгармачыл өндүрүштүк бирикмесинде баяндамачы, КТРКнын отличниги, маданияттын мыкты кызматкери Нуркамал айым бүгүн бизде конокто.
-Нуркамал эже, “Кайдасың?” программасын ишке ашырууга эмне себеп болгон?
- Башкы себеп - социалдык кыйынчылыктан улам жер которуп, тагыраак айтканда миграциянын агымы менен туш-тушка багыт алган жарандарыбыздын укуктук сабатын көтөрүүгө салым кошуу болгон. Чет жакка чыгып, туугандарына кат кабарын билдире албай калгандар дайынсыз жоголгондордун тизмесин толуктап, аларды издөөгө мамлекеттик органдар менен катар массалык маалымат каражаттарынын көмөгү зарыл болгон учурда долбоор сунушталып, жарыкка чыккан. Кийин байкалгандай, жакын туугандардын аргасыз бири-биринен кол үзүп калуусуна тээ Улуу үркүндөн берки бир канча формациялык өзгөрүүлөрдүн таасири бар экен.
-Аталган программа чыдамсыздык менен күтүп көргөн көрөрмандарды топтой алды. Эфир учурунда көз жашыңызды тыя албай калган учурлар болгонбу? Себеби, изделген адамдардын табылышы үчүн чогуу жүрүп баардык нерселерге күбө болооруңуз анык?
-Ооба, программа эфирге чыккан алгачкы жылдарда жашымды токтотууга чамам жетпей, көзүмдүн боектору агып кеткен учурлар болчу. Бара-бара чыйралып, муң-зары ашып-ташыган замандашымды күн менен түн алмашкандай эле кайгынын артынан кубаныч келерине ынандырам. Тилекке жараша аракетибиз ишке ашкан учурлар арбын. Ар бир жолугушуудан кийин желкемдеги жеңил эмес түйшүктөн арылгандай болуп калам. Анан калса айласы түгөнгөндө бизге кайрылган түрдүү курактагы, түрдүү улуттагы ишенчээк, баёо адамдардын батасы бизди кыйла курчутуп коет.
-Программага тийиштүү кызык окуяны айтып берсеңиз?
-Биздин көрсөтүү изделип табылган жарандардын аты-жөнү, туулган жылы, айы, күнү тууралуу маалыматтарды такташтырууда өтө кылдаттыкты талап кылат. Бул жагынан окшоштуктар аз эмес. Жакында мындан 50 жылча мурда Бишкек шаарында жашап, уулдуу болгон Таластык жаран тууралуу телебаян эфирге чыкты. Божомолубуз боюнча ал киши 70-80дин ортосундагы чоң ата болушу керек эле. Эки күндөн кийин бизге 50-55 жаштардагы киши байланышка чыгып, баардык маалыматтар дал келип жаткандыгын айтып, документтерин алып редакциябызга келди. Ал тургай эски сүрөттөгү изделген адамдын сүрөтү дагы меники болуш керек дейт. Макул дейли десек, баласы өзүнөн улуу болуп жатпайбы... Келген киши бизди аябай күлдүрдү.
Дагы бир окуя эстен кетпейт. 7-8 жыл мурда Ош областындагы алыскы райондордун биринен уулун издеген апа кайрылды. Ал жаш кезинде жубайы менен ажырашып, 1 жаштагы уулу атасы менен Көлдүн Түп районуна кетип, ошол бойдон байланыш болгон эмес экен. Эфирден кийин ыраматылык Бакыт Букаев биз менен байланышып, аны кимдир бирөөлөр биздин балабыз деген ишенимде жүрөөрүн, каршы болбосо жолугуп, катташып жүрөлү деген сунуштар болгонун айтып калды. Ошентип, шоумен Бакыт Букаевдин жардамы менен Бакыт Букеев аттуу жигитти апасы менен жолуктурганбыз. Баарынан кызыгы экөө тең Түптүк, бирок тааныш эмес болушкан. Экөө бир жылда, бир айда, бирок башка датада жарык дүйнөгө келишиптир.
-Көп жылдан бери изделип, жыйынтыгы чыкпагандар кездешсе керек. Мындай учурда жүрөгүңүзгө терс таасири тийбейби?
-Туура, узак жылдардан бери каттоодо тургандар дагы аз эмес. Алардын кээси кылмыштуу окуялардын курмандыгы болгондор, кээси кырсыкка кабылып, жанында өздүгүн тактаган документи жок болсо, сөөк сактоочу жайдан жалпы көрүстөнгө коюлуп калгандары болот. Чет өлкөгө мыйзамсыз жол менен өтүп кеткендер дагы туугандары менен кабарлаша албай калышат. Албетте, айрыкча эненин көзүндөгү сагыныч менен муңду көргөндө жүрөгүм сайгылашып ооруган учурлары болот.
-Издөөдө жүрүп табылгандар сизге кандай кубаныч тартуулайт?
-Чынын айтсам, табылгандардын көпчүлүгү бизди бир кыйла убарага салышат. Алар эфир аркылуу элге жарыя болгонду уят катары санап, туугандарынын даректерин кадр сыртында алгысы келишет, жолугушууга келбей койгондор канча?.. Айтор биздин эмгекти жокко чыгаргандардан кур эмеспиз. Ал эми издеп жүргөндөр үчүн бул зор кубаныч. Жакын адамын таап бергенибиз үчүн эмне алгыбыз келерин сурап жибергендер да болот. Биз үчүн баарынан кымбаты – ошол адамдардын чын жүрөгүнөн айтылган ыраазычылыгы. Алардын тилек-батасы жан дүйнөнү тазартып, түрдүү тоскоолдуктардан коргой турганына ишенем.
-Жакынын издеп, сиздердин программага үмүт арткандарга сүйүнчтүү кабарды шыр эле кабарлайсызбы, же оригиналдуу ыңгай менен жеткиресизби?
-Долбоор телекөрсөтүү кызматы экенин эске аганда сүйүнүчтүү кабарды маалымдоонун ар бир темага байланышкан ыкмасы бар. Көпчүлүк учурда убактысы жеткенде, студиядагы баарлашуу учурунда кабарланат. Аны көрүүчүлөрүбүз деле байкаса керек.
-Кыргызстанда изделгендердин саны жылдан-жылга кандай көрсөткүчтөрдү берүүдө?
-Көрсөтүү аркылуу изделгендердин баардыгы эле дайынсыз жоголгондор эмес, кээси 1916-жылдагы Үркүндө бөлүнгөн жакындарын издесе, айрымдары Улуу Ата Мекендик согушта кабарсыз калган тууганынын дарегин билгиси келет. Согуш маалында Орус жергесинен Кыргызстанга эвакуация болгондордун жакындарынан издөө салгандар бар, Кыргызстанда убактылуу жашап кеткен чет өлкөлүк жарандардын уул-кыздары издеп калышат. Ал эми мигранттардын укутук сабаты акырындан болсо да өсүп калганын байкасак болот, бул жагдайда тиешелүү мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жакшы эле аракеттерди жасап жатышат.
-Өткөн жылдын статистикасына токтолсоңуз? Канча адамга издөө жарыяланып, канчасы өз туугандары менен жолуга алышты?
-
Айтмакчы, көрсөтүүбүз 2017-жылы 10 жашка толду. Бул аралыкта 5000ге жакын жарандарыбыз кайрылган болсо, алардын жарымы максат-тилеги орундалгандар. Ал эми акыркы 10 айдын ичинде Казакстанга кетип дайыны чыкпай калган 2 жараныбызды Улуттук Кызыл Ай коомунун жана КР Алматыдагы консулдук кызматынын жардамы менен өлкөбүзгө кайтарып келдик. 9 жыл кабарсыз жүргөн Кыргыз жараны Россия Федерациясынын Саха (Якутия) аймагынан табылып, туугандары менен телефон аркылуу кабарлашты. Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон 2360 Кыргызстандык жоокердин дайын-дареги такталды. Алардын ичинен бири Польшага, дагы бири Россиянын Смоленск шаарына барып, чоң атасынын сөөгү коюлган жерге таазим кылып келишти. Программа Кытай республикасындагы “CGTN-Русский” Эл аралык каналындагы «Жди Меня» программасы менен кызматташа баштады. Эки тараптуу кызматташуунун алкагында 21 жашында Кыргызстанга келген 84 жаштагы Түптүк чоң энени Кытайдагы бир туугандары менен байланыштырдык.
-
Сизге эркин микрофон
-
Көрсөтүүнү ишке ашырууда техникалык жактан тейлеген кадр сыртындагы кесиптештериме, операторлор Таалай менен Калыска, оорумду колдон, жеңилимди жерден алган режиссерум Рахатка терең ыраазычылыгым бар. Асыл адамдардын арасында экениме сыймыктанам. Миграциянын агымы азайса, татыктуу муунду өстүрүүгө баарылап салым кошсок дейм. Ошондой эле, мамлекетибизде тынччылык болсо деген тилектемин.