Аймактар
Нуридин МАДИМАРОВ, Төрөбай Кулатов айыл аймагынын башчысы: “МАКСАТЫБЫЗ- ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ, ИШКАНАЛАРДЫ АЧУУ, ЭЛДИ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗДОО”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Нуридин МАДИМАРОВ, Төрөбай Кулатов айыл аймагынын башчысы:  “МАКСАТЫБЫЗ- ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ, ИШКАНАЛАРДЫ АЧУУ, ЭЛДИ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗДОО”
© Элита плюс
Нуридин МАДИМАРОВ, Төрөбай Кулатов айыл аймагынын башчысы:  “МАКСАТЫБЫЗ- ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ, ИШКАНАЛАРДЫ АЧУУ, ЭЛДИ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗДОО”
© Элита плюс
Нуридин МАДИМАРОВ, Төрөбай Кулатов айыл аймагынын башчысы:  “МАКСАТЫБЫЗ- ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ, ИШКАНАЛАРДЫ АЧУУ, ЭЛДИ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗДОО”
© Элита плюс
Нуридин МАДИМАРОВ, Төрөбай Кулатов айыл аймагынын башчысы:  “МАКСАТЫБЫЗ- ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ, ИШКАНАЛАРДЫ АЧУУ, ЭЛДИ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗДОО”
© Элита плюс
Нуридин МАДИМАРОВ, Төрөбай Кулатов айыл аймагынын башчысы:  “МАКСАТЫБЫЗ- ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ, ИШКАНАЛАРДЫ АЧУУ, ЭЛДИ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗДОО”
© Элита плюс

ӨТКӨН ЖЫЛДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР -Айыл өкмөтүнүн алдында “Айыл курулуш” муниципалдык ишканасы ачылып, 2014-жылдан бери 7 адам иш орду менен камсыздалып иштеп келет. Учурда 8 айылдын, 10 мектептин, айыл аймагындагы дүкөндөрдөн чыккан чийки таштандыларды ташып, атайын тосулган таштанды таштоочу жайга алып барууда. Ишкана кызмат көрсөтүүдөн айлык акы ж.б. чыгымдар үчүн өзүн-өзү каржылайт. Айыл аймакта дагы бир топ мактанчу иштер аткарылды. Мисалы, Тешик-Таш бөлүмүндөгү 3 км жерге асфальт төшөлдү. О.э. Кызыл-Булак айылындагы 90 орундуу “Наристе балалык таңы” балдар бакчасы толугу менен бүткөрүлүп августта ишке берилген. Т.Бекиев спорт комплексине 3 даана прожектор коюлду. Кереге-Таш жана Сой-Жылан аялдамаларынын ортосуна бир жаңы аялдама курулду. Кулуштан жаңы конушуна 200 метр чубалгы, Абшыр-Сайга санариптик берүү боюнча бир темир бутка 400 метр электр чубалгы сатылып алынды. C.Эргешов атындагы балдар бакчасынын полу жасалды. Абшыр-Сайдагы Секинин-Сайы деген селканага 4 даана чоң цемент тегерекчеси коюлду. Абшыр-Сайдагы кичи көчөгө 100 метрлик арыкка шагыл төгүп, оңдоп, суу чыгып кеткен жерине 100 метр кленка төшөлдү. Куумайдан айылынын селканасы тазаланып, 2 тонна цемент жана 1 HOWO чоң таш ташылып келинди. Жолдун боюндагы чоң арык казылып тазаланды. Куумайдан айылынын жаңы конушуна каналдан сугат суусу казылып чыгарылды жана 1 даана трансформатор орнотулду. Кызыл-Булак айылына да трансформатор коюлду. Сарыбай участкасынын жаңы конушуна каналдан элдердин өтүүсү үчүн 32000 сомдук көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Таш-Булак айылынын жаңы конушуна 8 даана иштетилген электр карагайлар жана таза сууга 1800 метр шланга алынды. Арал жолунун боюна 100 даана арча отургузулду. Таш-Булак айылынын борбордук жолуна 22 темир бетон карагайлар орнотулуп, элди аралап өткөн жогорку чыңалуудагы линия жылдырылды. Баглан айылынын Сары-Талаа селканасы 2 жолку селден соң оңдоо жана кайра калыбына келтирүү иштери аткарылды. Сугат түтүктөрү орнотулуп, калыбына келтирилди. “КООМДУК АЛДЫН-АЛУУ БОРБОРЛОРУ ЖАКШЫ ИШТЕЙТ” -Т.Кулатов айыл аймагында Ноокат РИИБнин аймактык 3 тескөөчүсү иш алып барат. Аларга былтыр 65 ар кандай арыз-даттануулар катталган. Аймактык тескөөчүлөр жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда, кылмыштуулуктун, диний экстремизмдин, терроризмдин алдын-алууда жана коомдук саясий абалды туруктуу сактоодо алгылыктуу иштерди аткарышууда. Кылмыштуулуктун, экстремизм, терроризм, суицид жана интернет булактарында мыйзамсыз болуп жаткан көрүнүштөрдү болтурбоо максатында мектептерде жана эл арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүшүүдө. Аталган айыл өкмөттө коомдук уюмдар менен иштөө жакшы жолго коюлган. Коомдук алдын-алуу борбору иштейт. Борбор кылмыштын алдын-алуу багытында, кылмышты болтурбоо максатында иш-чара түзүп, ал иш-чараны аткарууга коомдук уюмдар менен биргеликте иш жүргүзөт. Бул иште жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, айрыкча аксакалдар сотунун төрагасы Камчыбеков Кушбак эл менен тыгыз иштешет. 2017-жылы 9 жазуу жүзүндө, 5 оозеки айыл өкмөтүнүн жарандарынын арыздары аксакалдар сотунда каралып, адилеттүү чечилди. Аткарылган иштер коомдук тартипти, коомдун ынтымагын жана тынчтыгын сактоого өтө чоң таасир берет. “КОЛДООГО МУКТАЖДАР КӨҢҮЛ СЫРТЫНДА ЭМЕС” -Социалдык жактан коргоого жана камсыздоого муктаждар көңүл сыртында эмес. Учурда айыл өкмөтүнүн социалдык коргоосунун каттоосунда 6 томолой жетим, 151 жарым жетим, 10 жалгыз бой кары-картаң, 39 кургак учук дартына кабылган, 47 майып, 1 согуштун ардагери бар. Аларга 2017-жылы жергиликтүү бюджеттен 400 000 сом каралып, арыз менен кайрылгандарга акчалай жардам берилген. Кызыл-Кыя шаарындагы И. Абдрахманов атындагы мектеп-интернатында окуп жаткан айыл өкмөтүнүн 18 баласын тактап, үйүнө барып акт түзүп, баланы үй-бүлөгө кайтаруу иштери жүргүзүлдү. Аз камсыз болгон турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул алуу үчүн 2017-жылы 526 иш документтер алынып, соц. комиссияда каралып протоколдор түзүлүп, Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына жөнөтүлгөн. Мамлекеттик жеңилдиктер, аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөк пулдар, боюнда бар аялдар үчүн бир жолу берилүүчү бюллетень, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү майыптыгы барларга пенсиялар тууралуу кеңештер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. “МАДАНИЯТ ТАРМАГЫ ӨЗГӨЧӨ ОРУНДА” -Айыл аймагынын маданий деңгээлин көтөрүү боюнча бизде иш-чаралар байма-бай өткөрүлөт. Былтыр «Ооган согушунун ардагерлеринин» майрамы жогорку уюшкандыкта өтүп, «Апшыр-Ата» тобу өз өнөрлөрүн тартуулаган. 8-Март аялдардын Эл аралык майрамына карата “Аялзаты гүлдөгөн бакча, бүтпөгөн дастан» аттуу кароо сынак өткөрүлүп, ар бир айылдан баатыр энелер, эмгектин ардагерлери чакырылып, чоң программадагы концерт тартууланып, айыл өкмөттөн 90 аялга баалуу белектер таркатылды. «Нооруз» майрамында айылдар арасында ар кандай кароо-сынактар уюштурулуп, боз үйлөр тигилип, сүмөлөк кайнатылып, улуттук буюмдардын көрсөтмөсү өтүп, оюн-зооктор, спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Улуу Жеңиш күнүнө карата согуштун ардагерлерине, тылда эмгектенгендерге, Ооган жана Баткен коогалаңынын катышуучуларына сый тамак уюштурулду. 1-июнь «Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата «Дүйнө балдардын көзү менен» аттуу майрамдык салтанат өттү. Анда бала бакчадагы 3-5 жашка чейинки «Кош бол бакча» аттуу балдардын концерттик программасы болуп, өкмөт тарабынан китептер, окуу куралдар жана витаминдер белекке берилди. 2015-жылы райондук масштабда семинар өтүп, жыйынтыгында биздин айыл өкмөтү “Алдыңкы өкмөт” деп табылып, ардак грамотага ээ болгон. “ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР МЕНЕН ИШТӨӨ ЖАКШЫ ЖОЛДО”

  • Инвестиция тартууда республикалык бюджеттин эсебинен эң чоң заманбап бардык шарттары менен Кожо-Арык айылына жалпы суммасы 21 млн.сомдук спорт комплекси курулуп башталды. О.э. Кош-Дөбө айылына “Ас-салам” коому тарабынан элге таза суу жеткирүүдө 512 миң сомдук инвестиция тартылды. Ал эми ысык тамак уюштурууда «МЭРСИКО» кайрымдуулук фонду тарабынан Т.Айбашов атындагы орто мектебине 1 класстан 4 класска чейинки балдардын тамактануусуна күрүч, ун, май, горох сыяктуу азык-түлүктөр жардам катары берилди. “МАЛДЫН АСЫЛДУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН ИШ АЛЫП БАРАБЫЗ” -Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагында мал жандыктарын ветеринардык жактан тейлөөдө эки ветеринардык сервис жана бодо малды жасалма жол менен туудуруу пункту иштейт. Кутурма, шарп, кара-сан, бруцеллез ооруларына каршы мал-жандыктар өз убагында эмделип турат. 2017-жылы бодо малды идентификациялоо пландаштырылгандыктан 2100 баш кара малга бирка тагылды. Малдын асылдуулугун жогорулатууда 16 баш бодо мал жасалма жол менен туудурулду. Бул көрсөткүч төмөн, ошондуктан аны жакшыртуу багытында иш алып баруу керек. “АЙЫЛЫБЫЗГА МӨМӨ ЖЕМИШТЕРДИ КУРГАТУУЧУ ЧАКАН ИШКАНА КЕРЕК” -2018-жылга бир топ иштерди аткаруу планыбызда бар. Айрымдарын айтсам, Кожо-Арык айылындагы 3,5 чакырым Кайрагыч каналынын долбоору даярдалып, учурда суу чарба министрлигине жөнөтүлгөн. О.э. “Ходжа” каналын толук реконструкциялообуз керек. Авариялык абалдагы 275 орундуу Таш-Булак айылындагы Кулуштан орто мектебин республикалык казынадан кайрадан курууга сунуш кылынып, азыр долбоору даярдалууда. Баглант айылына 275 орундуу жаңы мектеп куруу керек. Ал “АРИС” долбоорунун жардамы менен ишке ашат деп турабыз. Андан сырткары, Кызыл-Булак айылына кирпич заводун куруу зарыл болуп турат. Туризмди өнүктүрүү максатында “Абшыр-Ата” эс алуу жайына кетүүчү жолду асфальттоо жана С.Мойдунов атындагы спорт майданын реконструкциялоо бүгүнкү күндүн талабы. Элдерди турак-жай менен камсыз кылууда үй салуу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнү да планыбызга киргизген элек. Сок жана мөмө жемиштерди кургатуучу чакан ишкана биздин айылга зарыл болуп турат. Күнөсканаларды куруп, тамчылатып сугарууну жолго коюп алсак өтө жакшы болот эле. Аны менен катар кайрак, саздак жана суу барбаган жерлерди бакка айландырып алаар элек. Башкы максатыбыз минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча кыргыз заводун куруу. Инвестиция тартуу, ишканаларды ачуу, жергиликтүү элди иш менен камсыз кылуу о.э. айдоо аянттарын көбөйтүү. Маалымат:

-Н.Мадимаров 1968-жылы Ноокат районуна караштуу Жал совхозунда туулган.

  • 2012-жылы БатМУдан инженер-технолог адистигин алган;

  • 2004-2008-жылдары Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин депутаты;

  • 2008-2012-жылдары Ноокат райондук кеңешинин депутаты;

  • 2012-2013-жылдары Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин депутаты.

Сыйлыктары:

  • «Муниципалдык кызматтын отличниги»;

  • «Айыл чарбасынын отличниги»;

  • ИИМдин медалы;

  • Ноокат райондук администрациясынын Ардак грамотасы;

  • Өкмөттүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы.