Спорт
Нурбек ИЗАБЕКОВ мыкты машыктыруучусу болду
Элита плюс
Декабрь 31, 2020 г.
Нурбек ИЗАБЕКОВ мыкты машыктыруучусу болду
© Элита плюс
Нурбек ИЗАБЕКОВ мыкты машыктыруучусу болду
© Элита плюс

2020-жылы элибиз чоң сыноолорду башынан кечирди. Анткен менен жыл аягында элибизди кубандырып Кыз-келиндер күрөш федерациясынын курама командасы Дүйнө кубогу мелдешинде зор ийгилик жаратты. Курамда мелдешке чыккан төрт балбан кыздын үчөө байге алышты. Сербиянын Белград шаарында спорттук күрөштүн түрү боюнча Дүйнө кубогу өтүп, 16-декабрга караган түнү 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова жана 68 килограмм салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова чемпион болуп алтын медаль тагынышты. Ал эми эң оор 76 килограмм салмакта ат салышкан Айпери Медет кызы Дүйнө кубогунун коло байгесин утту. Андыктан балбан кыздардын мыкты машыктыруучусу Нурбек Изабековго алкыш.