Саясат
Нур-Султанда Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери орнотулат
Элита плюс
Март 02, 2021 г.
Нур-Султанда Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери орнотулат
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 2-мартта Нур-Султан шаарында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Төмөндө билдирүүнүн тексти:

"Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча, 2021-жылдын 2-3-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барды.

Достук жана ишеним көрсөтүү маанайында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты андан ары бекемдөөнүн келечегин терең талкуулап, региондук жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Президенттер Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы бир туугандык жана ынак коңшулук мамилелерин өнүктүрүүдөгү жана бекемдөөдөгү Казакстан Республикасынын туңгуч президенти — эл башы Нурсултан Назарбаевдин тарыхый ролун, ошондой эле Борбордук Азиядагы региондук биригүүгө кошкон зор салымын өзгөчө  белгилешти.

Мамлекет башчылары боордош элдердин кылымдар бою келе жаткан достук, ынак коңшулук жана руханий байланыштарына негизделген саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы кыргыз-казак мамилелеринин позитивдүү динамикасын канааттануу менен баса белгилеп, ошондой эле 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаш мамилелер жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алып, төмөнкүлөр тууралуу билдиришет.

Кыргыз-казак достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаш мамилелерин тең укуктуулуктун, өз ара ишеним көрсөтүүнүн, урматтоонун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде комплекстүү бекемдөө багыты бузулбас экендигин тастыкташат.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2019-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууну биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.