Маданият
Аалы ТУТКУЧЕВ, төкмө акын: “Көзү өткөндө жакшы эле деп калбай, жакшы иш кылса тирүүсүндө айталы”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Аалы ТУТКУЧЕВ, төкмө акын:  “Көзү өткөндө жакшы эле деп калбай, жакшы иш кылса тирүүсүндө айталы”
© Элита плюс
Аалы ТУТКУЧЕВ, төкмө акын:  “Көзү өткөндө жакшы эле деп калбай, жакшы иш кылса тирүүсүндө айталы”
© Элита плюс
Аалы ТУТКУЧЕВ, төкмө акын:  “Көзү өткөндө жакшы эле деп калбай, жакшы иш кылса тирүүсүндө айталы”
© Элита плюс
Аалы ТУТКУЧЕВ, төкмө акын:  “Көзү өткөндө жакшы эле деп калбай, жакшы иш кылса тирүүсүндө айталы”
© Элита плюс

“Эл ырчысы Эстебес” тобунун көркөм жетекчиси, белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев менен убактысынын тардыгына карабай жолугуп, эл арасында “сурап көргүлөчү” деген суроолорубузга жооп алганга аракет кылдык. Назар салыңыз...

  • Аалы мырза, биз сизди Аалы деп тааныйбыз. Бирок, жакындарыңызга Атай экенсиз?..

  • Ооба, документ боюнча жана азан чакырылып коюлган атым Аалы. Атамдын аты Төлөгөн болгону менен айылдагылардын баары Төкө, Төкөмбай дешчү. Атам “Менин атым Төкөмбай болсо, уулумдун атын Аалы койсом, орус арибинде “ө” деген тамга жок, ошондо Аалы Токомбаев деп жазылат, мейли ошол инсандай акын болсун” деген ниетте Аалы коюптур. Анан жөн эле акын эмес, Аалыдай жазгычтыгы, Атайдай комузчулугу болсо экен дешип, кичинемден бардыгы мени Атай деп чакырышчу. Ага көнүп калган жаным 1-класска барганда эжейим Аалы десе, капа болгонум эсимде. Адамды документ боюнча атаарын анда кайдан билдим. Ошентип, кайра Аалы деген атка көнүп кеткем. Анткен менен азыр Атай деп айткандарын сагынам, анткени, мени мындай ат менен менин өтө жакын адамдарым аташчу.

  • Ашыраалы Айталиев “Айгашка” деген да ат берген эле, анткен менен бул ат Саргашкадай калың элге сиңип кеткен жок. Мунун себеби эмнеде, дегеле бул аттын таржымалына токтоло кетсеңиз?

  • Мурда наам жок кезде же кечиктирилгенде эл тарабынан өнөр адамдарына ат берилчү. Алсак, Токтогулга тоо булбулу, Калмырзага кара жаак, Эшмамбетке кара тулга, Осмонкулга океан деген ат беришиптир. Ошол сыяктуу эле кийин Амантай, Жеңишбек агаларга өкмөттүн наамдары кечиктириле баштаганда эл Автомат, Саргашка деген сыяктуу наамдарды бере башташкан. Ал эми, Айгашка атынын таржымалына токтолсом, А.Айталиевдин 80 жылдык тоюнда акындар болушунча кызмат кылдык. Шарт боюнча Амантай ага экөөбүз айтыштык. Айтышыбыз Ашкеме жаккан экен, кечинде үйүндө отурсак, өзү “мен Аалыга Айгашка деген баа бердим” деп калды. Анын айтуусунда, Шабдан баатырдын ашында аттар узакка чабылып, биринчи келген көк аттын чекесинде кашкасы болуптур. Ал ушундай арыш алып жүгүргөндө айдай болуп, ийри таяк тартып, чекесинде кашкасынан улам Айгашка келди дешкен экен. “Кечээки Аалынын ырдаганын ошол Айгашканын чуркаганындай элестеттим” деген эле. Бул эми тар чөйрөдө айтылган кеп, Ашыкемдин мага берген жеке баасы. Бирок, мени эл Айгашка деп атоосун каалабайм. Менин өзүмдүн азан чакырылып, ата-энем койгон атым бар. Анан эл эмнеге мени өз атым турса башка ат менен чакырышы керек. Бул биринчиден. Экинчиден, илгерки заман өттү, кетти. Амантай, Жеңишбек агаларга илгери эле наам берилиши керек эле. Наам кечиккенде, жогоруда айткандай эл өзү наам берип коюшкан. Ал кишилер Азамат экөөбүздөн алда канча мурда алышы керек болчу, тилекке каршы биз менен чогуу алышты. Балким, менин наамым да бир аз кечиккенде эл ошондой атай баштамак.

  • Бала чак жөнүндө сөз болгондо эмнелерди эстеп, көз алдыңызга эмне тартылат?

  • Дароо эле айылым, Аралым көз алдыма келет. Балалыктын издери калган ал жерде аруулук, тазалык, кең пейилдик бар. Атам, жүзүн бырыш, чачын ак аралай элек апам көз алдыма тартылат. Ар кимиси өз арабасын тартпай, бардыгыбыз бир түндүктүн алдында отурган бир туугандарым элестейт. Азыркыдай бапыраган бардар жашоо болбосо да баарыбыз бактылуу элек. Бирине тартса бирине жетпеген заманда жети баланы чоңойтуу кандай кыйын болгонун азыр сезип турам. Анда азыркыдай бутка илип алма кытайдын тапичкелери жок. Жолдорубуз да азыркыдай асфальт эмес. Ошондой топосу сапырылган көчөдө керээлден кечке ойночубуз. Бутубуз кесилип, таманыбыз берч болуп, анысынан тикенек кирбей калчу. Жарылып канап кеткенде дары болот деп кайра анын үстүнө топурактан сээп койчубуз. Окуу башталар алдында апам ысык сууга бутубузду салып, жибитип жууп, анан солидордон сыйпап, айтор, дарылап берчү.

  • Арал айылы Замирбек Үсөнбаев, Эстебес Турсуналиев, Анатай Өмүрканов сыяктуу кыргызга белгилүү бир топ залкарларды берген куттуу жер. Сыймыктуу инсандардын сүрөттөрү мектепте илинип турат. Бир кезде “менин дагы сүрөтүм ушул инсандардын катарынан орун алса” дедиңиз эле. Азыр кыргызга эмгеги сиңген өнөр ээсисиз. Кызыкканым, сүрөтүңүз алардын арасына илинсе керек?...

  • Кичинемде сырымды эч кимге айтпаган, аябай бир сырдуу бала болчумун. Көп ойлонор элем. Анан балалык баео сезимдер башталды. Балдар жактырган кызына көз кырын сала баштаган учур болчу. Балдарга караганда кол жазмам сулуураак болгондуктан, анын үстүнө ыр жазгандыктан, бардык балдар кыздарга кат жазса ыр коштуруп мага жаздырышчу. Ошентип отуруп мектептеги кайсы бала кайсы кызды жакшы көрөрүн билчүмүн. Мектепте менин да жакшы көргөн кыздарым бар эле. Бирок, анымды өзүмдөн башка эч ким билчү эмес. Анан жанагы жерде Алымкул атабыз баш болгон бардык белгилүү инсандардын сүрөттөрү илинип турар эле. Аларды көргөн сайын “мен дагы акын болсом, менин дагы сүрөтүм ушул жерге илинсе, жанагы мен жакшы көргөн кыз ары-бери өткөндө мени караса” деген сыяктуу балалык кыялдар, тилектер болгон. Көрсө, мен балалык кыял менен алдыма максат койгон экем. Негизи адам баласы максатты алыс ташташ керек экен. Максат чоң болгондо ага жетүүгө кылган аракетиң да ошончо болот тура. Азыр ошол айылдык мектептин бурчуна менин да сүрөтүм илинди. Бирок, мага азыр ал кызык деле эмес. Муну айтканым, максат коюп, анын аткарылышында элге, жерге кызмат кылып калышыбыз керек экен.

  • Көп ойлонуп, түнт тартып калышыңыздын сыры барбы?

  • Атамдын жүрөгү ооручу. Мектептен чыгып үйгө шашуу адат болчу. Мен жеткенче жүрөгү кармап калбаса экен деп шашып турар элем. Кокус жүрөгү кармап калса, дарысын алып келгенге же кошуна-колоңду чакырып келүүгө дайыма даяр турчумун. Бир жолу адаттагыдай жүрөгү кармап калды. Бере салчу дарысы да түгөнүптүр. Айылдагы жүрөгү ооруйт деп билген адамдардын баарынын үйүн тызылдап жөө кыдырып чуркап жүрөм. Айылыбыз да аябай чоң болчу же ошондо мага ошондой сезилдиби айтор дарынын табылышы кыйын болгон. Ошентип, таап келсем атам сарайдын артында отургучта денеси тырышып, кыйналып отуруптур. Бул окуя эсимде аябай сакталып калыптыр. Ошол себептен сабагым бүтөрү менен үйдү көздөй жөнөчүмүн. Классташтардын отурушу, мектептин дискотекасы деген болот. Бирөөнө да барбайм, барсам эле атам үзүлүп кетчүдөй сезилет. Дискотекага, отурушка барбасам бетиме айтышпаса да мен жок жерде “Аалы чоңоё элек, малакасос” дешчү тура. Мен буга чычалачу эмесмин. Анткени, мен алардын малакасос экенин билчүмүн. Себеби, мен алардын ойлогон оюна караганда алда канча жогору ойлончумун. Турмушум, өмүрүм, ата-энем ойлондурчу. Ошондон улам эч кимге чечилбей, бассам-турсам атам жөнүндө ойлонуп, бир сырдуу болуп калсам керек.

  • Спортчулар залга барып машыккандай, акында деле машыгуу болобу? Азыр айтыш фондуна баш багып турасызбы?

  • Айтыш фонду - акындардын мектеби. Бир убакта Ашыраалы, Тууганбай аталарыбыз ал жерде мугалим болчу. Биз ал кишилерден көп сабак алдык. Айтыш фонд биздин алгачкы мектебибиз эле. Азамат экөөбүз ал мектепти бүтүп кеткен алгачкы карлыгачтарыбыз. Биз аны танбайбыз, унутпайбыз. Ашыраалы, Тууганбай ата бар, чын дилден, саясат аралашпаган айтышты сагындым. Себеби, азыр акындарды курал кылгысы келген жагдайлар көбөйүп баратат. “Атактуу болуш бат эле, аны кармап туруу маселе” дегендей, ата-бабадан калган өнөр үчүн биз татыктуу туруп беришибиз керек. Айтыш фондусуна азыр барбай элемин. Ал жерде учурда жаш балдар окуп жатат.

  • Күз келип, тойдун учуру болуп турат. “Жакшылыгыма келип, куйкум сөздөрүң менен тоюмду ачып, конокторума жагымдуу маанай тартуулап кет”, - деп чакырышса керек. Тойго барып ырдагандарды айрымдар жалданма ырчы катары мүнөздөйт. Сиз өзүңүздү жалданма ырчы сезип, бул сөзгө терикпейсизби?

  • Жок, мен өзүмдү жалданма ырчы сезбейм. Себеби, жашоомдо койгон өзүмдүн принциптерим бар. Мисалы, ошол тойдо чиновниктер, депутат, байлар бар. Алар өзүн кандай алып жүрөт, мамлекетке кандай салым кошту? Сыйга татыктуубу, татыксызбы же жөн гана бизнесин коргош үчүн ошол жерге барып алганбы, ошолорду карап туруп дээрлик көп чиновниктердин тоюнан баш тартам. Балакет миллион төлөсө да барбайм. Билбей барып алып, кайра кетип калган учур деле болду. Же кыргыз кыз башка улутка турмушка чыгып жатса ал тойдо ырдабайм. Эмне деп ырдайм? Азаматсың, кыргыздан жигит таппай ушул жигитке тийип жатыпсың дейинби? Жок, ырдай албайм. Тойдо сени күткөн 300 киши бар, ошол эл үчүн барасың. Барганда мактоо же бата тилөө болот, бул экөөнүн айырмасын билиш керек. Биз эмнеге адамдын жакшы экенин айтпай, жакшы иш жасап жатса аны айтып коюудан, жакшы сөзүбүздү кызганып, аяп жүрүп, качан көзү өткөндөн кийин жакшы адам болчу деп калабыз. Жо-ок, эгер жакшы иш жасап жатса, тирүүсүндө айталы. Ал кишиге ал сөздөр дем-күч берсин, аны менен ал жакшылык ишин андан ары да улантсын. Ошол себептен мен өзүмдү тойго барып ырдоодо жалданма ырчы сезбейм. Бирок, той ээсин сураштырам, сүрүштүрөм, ким, эмне, кандай той экенин билип анан барам.

  • Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиевдер менен бирге жүрүп калдыңыз. Алардын үй-бүлөсү менен катышыңыз барбы, кабар алып турасызбы?

  • Албетте, кабар алып, катташып турабыз. Тууганбай ата каза болгондо артынан эле Эсен апанын да көзү өтүп кетти. Ал киши да жакшы адам эле. Эстебес атанын байбичеси Рая эже менен биз “Эстебес” тобунда бирге иштейбиз. Ашыраалы атанын байбичеси Нейля апа айтыштарда, иш-чараларда келип калат.

  • Коомчулук кийинки учурда динге өтө берилип кеткениңизди айтууда. Намазга өкүл атасы Жеңишбек жыккан деп жүрүшөт. Элдин бул пикирине кандай жооп кыласыз?

  • Биринчиден, намазга мени Кудай жыкты, насип кылса ар бир адам жыгылат. Керек болсо өзүн Кудайга теңеген фараон да сажда кылган тейде табылды го. Экинчиден, мен динге берилип кетип, алба-далба чапан кийип, саксайтып сакал коюп, комузумду ыргытып, бала-чакамды бакпай, даават деп талаалап кеткеним жок. Азыр менин турган-турпатымдан, жүргөн жүрүшүмөн арабдын бир да кыймылы табылбайт. Мени динге берилип кетти дегендер улутка менчелик салым кошту бекен? Алар билбеген тарыхты айтам, алар чертпеген комузду чертем, алар төгө албаган нерсени мен төгүшүм мүмкүн. Алар айта албаган Манасты айтып, алар кийбеген калпак башымдан түшпөйт. Дагы эмне керек? Анда мени динге берилип кетти дегенге кимдин кандай акысы бар? Ишеним ар бир адамдын жеке эркиндиги. Мен намаз окуганымды башкаларга жарыя кылган жерим жок. Эч кимге “мусулман элем, сен атеист турбайсыңбы, сени менен сүйлөшпөйм” дей элекмин. Түнкү намазымда мамлекетиме тынчтык, береке тилейм. Ал эми, ошол адамдардын кимиси менчилеп түндө туруп, элине тынчтык тилеп жатыптыр? Бул деген менден кемчилик таппай, айласы кетип анан айтылган кеп.

  • Сөз арасында арак ичкен, тамеки тарткан адамдардын жанына тура албайм деп калдыңыз. Жаштыкта кимдер гана жаңылып, жаза баспаган. Сураганым, жаштыкта тамеки тиштеп, спирт ичимдигинен татып койгон учур болгонбу?

  • Мактаныч эмес, ичкен да эмесмин, чеккен да эмесмин. Азыр да чөйрөм мындай нерселерден алыс. Классташ балдарымдын үч-төртөө гана ичпесе калганы дээрлик ичпей калышты. Биздин ар бир отурушубуз ыр-күү, Манас айтуу, жакшы учурларды эстөө менен өтөт. Тынч, кадимкидей эс аласың. Биздин жаштык кез союз маалына туш келди. Ал учурда таланттуу адам ичет деп, биздин улуу муундун ар бирин арак ичүүгө үйрөткөн. Ага атайын үндөп, даярдап, мажбурлаган. Анткени, ошондой саясат жүргөн. Ошол убакта биздин айылда көп адамдар ичти. Ал турсун жалпы Кыргызстан, СССР ичти. Биздин атабыз да ичти. Балким, арак жаман деп, мындай эле сөз менен айтылып калганда мынчалык бизге таасирин тийгизбейт беле. Бирок, биз практика жүзүндө ичимдиктин жаман экенин көрдүк. Көкөйүбүзгө көк таштай тийген. Ошондуктан, азыркы муундун басымдуу бөлүгү ичимдиктен алыс.

  • Жаңы чыгып баштаганыңызда бала бакчада кароолчу болуп иштегем деген элеңиз. Ал күндөр артта калдыбы? Дегеле азыр акындардын жашоосу кандай? Алган айлыгыңыз бала-чаканы багууга жетеби?

  • Айрымдар студенттик күндөрүн өмүрүнүн эң жакшы учуру катары сүрөттөйт. Тескерисинче, менин эң көңүлсүз күндөрүм ошол студенттик жылдар болду. 8 жыл жалгыз бала бакча кайтардым. Күнүгө таңкы 5те туруп узун, оор, чоң түтүктү ары-бери сүйрөп бала бакчанын алдына суу чачып, гүлдөрдү, бак-дарактарды сугарам. Бактардан түшкөн жалбырактарды чогултуп, эшик алдын тазалап, таштандыдан арылтып, анан сабактарымды бир сыйра кайталап, саат 8де окууга жөнөчүмүн. Кечинде саат 6 да кайра жумушка келем. Дем алыш, майрам күндөрү бала бакча иштебей, эч жакка жылмай жок. Айтор, ошентип жүрүп окудум. Анткен менен анын пайдасы да болду, искусство институтун кызыл диплом менен аяктадым. Тапкан акчам керектөөмө жетээр-жетпес, жашоо ушундай экен да. Бирок, ошондой жетишип, жетишпеген жашоо адамды өстүрүп, тарбиялаарын түшүндүм. Комфорт жашоодон адам жалкоо болот тура. Бүгүн деле акындарда ошондой жашоо. Жетекчилик кызматта, эмгек сиңирген наамыма болуп отуруп жалпы 12 миң сом айлык алам. Бул каражат менен үй-бүлө багуу мүмкүнбү?

  • Атак-даңк адамды өзгөртөт дешет. Сиз мындан кантип сактанасыз? Баары бир пендебиз да, пендечиликке алдырып койгон учур болбойбу?

  • Мурда менин жанымда Тууганбай, Ашыраалы атам, Майра жеңем бар эле. Негизги иштерди алар аткарып, мен бошураак болчумун. Ошондуктан, мектепке чейин барып жолугушууларды өткөрүп турчумун. Болгон суроолоруна жооп берчүмүн. Азыр мени ошол мектеп чакырса бара албайм. Барбай калсам, “Аалы бой көтөрүп, каада күтүп калыптыр”, - дешет. Өткөндө эле ушундай бир окуя болду. Азыр Тууганбай, Ашыраалы атамдар жок, алардын жүгүнүн баары биздин моюнга жүктөлгөн. Бардыгына жетише албайм. Бул атак-даңк күтүп, көөп калгандык эмес, жоопкерчиликтин, түйшүктүн көптүгү, убакыттын тардыгы. Муну туура түшүнүүбүз керек.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА