Коом
Новосибирсктен мекендештер келди
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
Новосибирсктен мекендештер келди
© Элита плюс

Бүгүн Кыргызстанга «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча каттамы менен мекенине Россиядан 184 кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чартердик рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, Сибирь Федералдык Округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар. Каттам менен Новосибирск, Владивосток, Якутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Красноярск, ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарларындагы КР жарандары учуп келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын