Коом
Новосибирсктен 171 кыргыз жаран келди
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Новосибирсктен 171 кыргыз жаран келди
© Элита плюс

«Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Россиядан Кыргызстандын 171 жараны учуп келди, арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Якутск ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарларынан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.