Коом
Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурболот Мурзакматов: “Бул майрамды барктап, даңктай беребиз”
Элита плюс
Май 13, 2022 г.
Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурболот Мурзакматов:  “Бул майрамды барктап, даңктай беребиз”
© Элита плюс

Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган 9-май, Жеңиш күнү ар бир инсан үчүн майрам. Аталардын эрдиги эч качан унутулбайт. Аталган майрамдын урматына 9-майда  Новопавловка айыл аймагында чоң майрам болуп өттү. Жакында эле Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган Нурболот Мурзакматовдун мындай иш-чараны өткөрүүгө чечкиндүү кадам таштаганы айыл элин кубантты. Себеби, кандуу согушта курман болгон ата-бабалардын аты-жөнү жазылган аянтча, союз учурунда курулган эстеликтин эскилиги жетип, урап калгандыктан, бул жерде мындай иш-чара акыркы жылдарды уюштурулган эмес. Мындан улам кызматка келээри менен элине жагымдуу маанай тартуулаган жетекчини жана уюштуруучуларды кепке тарттык.

Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурболот Мурзакматов:

“Бул майрамды барктап, даңктай беребиз”

- Улуу Ата-Мекендик кан күйгөн согушта курман болгон ата-бабаларыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Аларды эстеген сайын бизде патриоттук дух пайда болот. Андыктан, бул майрамды барктап, даңктап, сактап, уланта беребиз. Орозо айынын жума күнү 29-апрелде кызматка дайындалып, дароо аталган майрамды уюштуруу чечимин кабыл алдым. Жакшылыкты колдогондор арбын экен. Бир жарым ай мурда Новопавловка айыл өкмөтүнүн коммуналдык ишканасына жетекчи болуп келген Самат Отунчиев деген жигит дем-күч берип, жанына балдарды топтоп алып, заматта иш-чара өткөрүүгө шартты түзүп берди. Айыл аймактын элинин, депутаттардын, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештеринин деми менен эриш-аркак иш алып барып иш-чара мыкты деңгээлде өттү. Салтанаттуу иш-чараны көрктөгөн айылыбыздагы эки мектептин мугалимдерине, таланттуу окуучуларына, бала бакчалардын жетекчилерине, тарбиячыларына, өнөрлүү бөбөктөргө ыраазычылык билдирем.   

Коммуналдык ишкананын жетекчиси Самат Отунчиев:

“Максатыбыз - элге жагымдуу маанай тартуулоо”

- Коммуналдык ишкананын кызматы айылдын тазалыгына көңүл буруп, суу менен камсыздап, элге жакшы шарт түзүп берүү. Андыктан, бизге жүктөлгөн милдетти аткаруу үчүн, эмгек жамаат менен кеңешип, алдыга пландарды коюп, 4 күн күнү-түнү эки сменде иштеп чоң жумуш жасадык. Союз учурунан бери турган, каралбай эскилиги жетип, урап, көчүп калган эстеликти оңдоп-түзөп, суу жукпагандай 4 ирет сырдадык. Буйруса, түбөлүк турбаса да, сапаты бир топ жылга чыдайт. Тегерегиндеги таштандыларды тазалап, кооз аянтчага айлантып, жаркыратып алдык. Буйруса, дагы жакшы ой-тилектерибиз бар. Максатыбыз - элибизге жагымдуу маанай тартуулоо. Айыл эли ыраазы болуп, жылмайып турса эл үчүн талыкпай иштей беребиз.

 Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Лилия Сыргабаева:

“Жоокерлердин элеси жүрөгүбүздө

-Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым  жүрөгүбүздө. Андыктан, жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак ыроолоп, молчулук, токчулук болсун. Аталган айылдын тургуну катары чынында акыркы үч жылда мындай деңгээлде уюштурулган иш-чарага катышкан эмесмин. Андыктан, уюштуруучуларга алкыш. Салтанаттуу иш-чарада элдин кубанычтуу маанайына, ыраазычылыгына күбө болдук.  

Булак: Эркин-Тоо