Дүйнөдө
Нобель фонду сыйлыктарга дагы 110 миң доллар кошот
Элита плюс
Сентябрь 25, 2020 г.
Нобель фонду сыйлыктарга дагы 110 миң доллар кошот
© Элита плюс

Нобель фонду ар бир сыйлыгы үчүн берилчү байгесине дагы 110 миң доллар кошууну чечти. Бул тууралуу фонддун төрагасы Ларс Хейкенстен швециялык "Dagens Industri" гезитине 24-сентябрда билдирди. Ошондо ар бир сыйлыктын акчалай байгеси 10 млн. швед кронуна, же 1,1 млн. долларга жетет. 125 жыл мурда швед окумуштуусу Альфред Нобель 31 миллион кронун, учурдагы курска айлантканда 1,8 млрд. крон мураска калтырып, илим чөйрөсүндө ийгиликке жеткендерге байге катары үлөштүрүү керектигин көрсөткөн. 1901-жылы Нобель сыйлыгы негизделип, тапшырылып келет. Медицина, физика, химия, адабият, тынчтык жана экономика номинацияларынын ээлери 5-октябрдан тартып аныктала баштайт. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Стокгольмдо өтүүчү салттуу сыйлоо аземи жана сый тамак болбой турганы, Нобель лауреаттардын өз өлкөлөрүнө жеткирилери кабарланган.