Медицина
Нематила АРСТАНБЕКОВ, Улуттук госпиталдын Нейротравмалык жана нейрохирургиялык оорулуулар үчүн шашылыш медициналык кабылдама бөлүмүнүн башчысы:
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Нематила АРСТАНБЕКОВ, Улуттук госпиталдын Нейротравмалык жана нейрохирургиялык оорулуулар үчүн шашылыш медициналык кабылдама бөлүмүнүн башчысы:
© Элита плюс
Нематила АРСТАНБЕКОВ, Улуттук госпиталдын Нейротравмалык жана нейрохирургиялык оорулуулар үчүн шашылыш медициналык кабылдама бөлүмүнүн башчысы:
© Элита плюс
Нематила АРСТАНБЕКОВ, Улуттук госпиталдын Нейротравмалык жана нейрохирургиялык оорулуулар үчүн шашылыш медициналык кабылдама бөлүмүнүн башчысы:
© Элита плюс
Нематила АРСТАНБЕКОВ, Улуттук госпиталдын Нейротравмалык жана нейрохирургиялык оорулуулар үчүн шашылыш медициналык кабылдама бөлүмүнүн башчысы:
© Элита плюс

Англис натуралисти Джон Рей “жакшы хирургдун көзү-бүркүттүкүндөй, жүрөгү-арстандыкындай, колу-аялдыкындай болушу керек” деп айткан. Бүгүн мен сөз кыла турган адам жогорку даражадагы нейрохирург Нематила Арстанбеков. Ал Гиппократтын антын ыйык тутуп, 30 жылдан бери саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип келет. Далай бейтаптын жашап кетишине себепчи болгон дарыгер. “Жүрөгү жумшак кишиге хирург болуу кыйын. Мүнөзүм кандай экенин билбейм, бирок, кесибиме ылайык келет деп ойлойм. Операция алдында менде бардык сезимдер жоголот. Болгону алсыз бейтапка жардам берүү, өмүрүн сактап калуу деген ой менен гана ишке киришем” дейт Нематила мырза.

-Нематила Абдуллаевич, дарыгерлердин айтуусунда, акыркы жылдарда жаштар арасында нерв оорулары күч алган экен. Буга эмне себеп болууда?

-Ооба, акыркы жылдары жаштарыбыз сөз көтөрө албас, ачуулуу болуп кеткени ырас. Мындай учурда адам ар кандай кырдаалга кабылып, нервинен жаракат алары толук мүмкүн. Биздин бөлүм нейротравматикалык, нейрохирургиялык ооруларды кабыл алгандыктан, көчөдө мушташкан, жол кырсыгына кабылгандардын басымдуу бөлүгү жаштар экенин баамдайм. Ал гана эмес жаракат, травма алган мектеп окуучулары дагы бар. Ошондон улам оорунун жашарып баратканын байкоого болот. Буга социалдык жашоо-шартыбыз, өлкөбүздүн экономикасы, жумушсуздук, миграция таасирин тийгизип жатат. Турмуштун мындай учуруна жаштар туруштук бере албай, ойго батып, стресске кабылып, натыйжада ушундай абал келип чыгууда.

-Сиздердин бөлүм, аткарып жаткан иштериңиз жөнүндө айта кетсеңиз?

-Жогоруда айтып өткөндөй биздин бөлүм нейротравматикалык, нейрохирургиялык оор абалдагы оорулууларды кабыл алып, тез арада медициналык жардам көрсөтөбүз. Республиканын бардык аймагынан оор абалдагы бейтаптар алгач бизге келип түшөт. Андан кийин бейтаптын абалына жараша дарылоо жүргүзүлөт. Мурда бул жер кабыл алуучу жай гана болуп, көп мүмкүнчүлүктөр жок болчу. 2010-жылы Германиянын өнүктүрүү банкы аркылуу камсыздандырылып, КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан колдоого алынып, шашылыш медициналык жардам берүү бөлүмү болуп ачылган. Өзүм бул жерде 1990-жылдан бери иштеп келем. Учурда бөлүмдө жогорку категориядагы билимдүү, тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенет. Убагы менен өзүм баш болуп, кызматкерлерим менен Корея, Турция, Россия, Казакстанга барып окуп, билимибизди жогорулатып турабыз. Материалдык-техникалык жактан базабыз мурдагыга салыштырмалуу бир топ эле жакшырып калган. Бир гана мүчүлүштүк компьютердик-магниттик аныктамалар коюла элек. Кудай буюрса жакынкы жылдары коюлат деп ишенип турабыз. Имаратыбыз негизи эски. Бирок, 2016-жылы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп алганбыз. Бир жылда 10 миңге жакын адам кайрылат. Дээрлик бардыгы оор абалда келишет. Эгер баш сөөгүнө доо кетип, мээ жаракат алса, дарылоо оорураак. Анда сөзсүз түрдө хирургиялык жол менен дарылоого өтөбүз. Эгер жеңил жаракат алса, консервативдик дарылоо жүргүзөбүз.

-Нерв клеткалары бир жабыркаса кайра калыбына келбейт дешет?..

-Мындай учурда чынында эле мээ клеткалары кайрадан регенерация болбойт. Болгон учурда дагы өтө жай болот. Нерв клеткаларына доо кеткендерге сөзсүз түрдө операция жасайбыз. Мындан кийин калыбына келип, ал турсун чоң кызматтарда, илимий иштерде иштеп жүргөндөр жок эмес. Бирок майып болуп калгандары да бар.

-Кеп нугун башка тарапка бургум келип турат, балалык чагыңыз кайда өттү?

-Оштун Өзгөнү менин киндик кан тамган кичи мекеним. Красный маяк деген кичинекей айылда төрөлүп, балалыгым ошол жерде өттү. Мектепте жакшы окуп, алдыңкы окуучу болдум. Медик болмок тургай, кызыгуум да жок болчу. Балалык кыялымда адилеттүү, калыс сот болгум келчү. Апамдын оорусу медик болушума түрткү болду. Кичинекей кезибизде апамдын башы ооруй берчү. Баарыбыз айланчыктап, башын укалап отурар элек. Атам малын сатып, апамды Ошко ооруканага алып жөнөчү. Дарыланып келгенден кийин 2 айдай жакшы жүрүп, кайра баягы картина башталчу. 8-классымда оюм өзгөрүп, апам үчүн дарыгер болом, апамды өзүм дарылайм деп максат койдум. Ал үчүн кайсы сабактарды жакшы окушум керек экенин тактап алып, аракеттенип баштадым. Ал сабактардан олимпиадаларга катышып, облустан алдыңкы орундарга илинип жүрдүм. Мектепти бүтүп, медициналык академияга тапшырдым. Бардыгынан жакшы келип, жат жазуудан начар баа алып, окууга өтпөй калсам болобу. Эч качан начар баа албаган жаным аябай ыза болдум. Ушунчалык жакшы окугандыктан, элге айткандан намыстандым. Ошентип айылга барып жылкы багып тоого чыгып кеттим. Бир жыл жылкычы болуп, кийин армияга барып келдим. Армиядан келгенден кийин окууга тапшырып, өтүп кеттим.

-Ата-энеңиз кандай адамдар эле?

-Атам темир уста болсо, апам тамекиде иштечү. Экөө тең маңдай тер, адал оокат менен бизди багып чоңойтушту. Эмгеги менен элге жаккан, айылдагы кадыр-барктуу адамдар эле. “Түз жүргүлө, жалган сүйлөбөгүлө, колуңардан келсе жардам бергиле” дечү. Алардын айтканы менен айыл-апанын жумушун жасап, жардам берчүбүз. Азыркылар бир аз иш кылса, тыйын сурайт эмеспи, ал кезде тыйынга иштөө деген болгон эмес, биз батасын алганга эле сүйүнчүбүз. Апам кыз-уулду тарбиялоо жагынан алдыга эч кимди салчу эмес. Апамдын тарбиясынын аркасынан жетөөбүз тең турмуштан өз ордубузду таптык. Ар кесиптин ээси болуп, эл кызматын аркалап келебиз.

-Дүйнөдө үч оор кесип болсо, анын бири–медицина экен. Оор иштин түйшүгүнөн тажаганда кол шилтеп басып кеткиңиз келген күн болгонбу?

-Жашырганда эмне, кыйналган күндөрү андай ой болгон. Айлыктын аздыгы жанга батып, ары тартсаң буга, буга тартсаң ага жетпейт. Бала-чакам менен көчүп-конуп батирде жашадым. Анан 1990-жылдары теңтуш балдарым ишкерликке тартышты. Ошондо алар деле ишкерликке жаңыдан аралашып жатышса, азыр алдыңкы ишкерлерден болушту. Ошентип, досторумдун сунушун атама айтып, аны менен кеңешсем, “мен сени дарыгер болсун деп окуткам” деп кыска сүйлөдү. “Болду ата, түшүндүм” дедим да, ишкерликтен баш тарткам. Убагында Жогорку Кеңешке депутат болууга деле сунуштар болду.

-Атаңыздын сөзүнө караганда сиз менен сыймыктанчу окшойт?..

-Экөө тең мени менен аябай сыймыктанчу. Карааным эле аларга чоң кубаныч болчу, мен аны дайыма сезип турчумун. Алардын сыймыктануусун көрүп мен жакшы иштедим. Эмгегин актасам экен дечүмүн. Эмгек өргүүгө чыгып, айылга барсам дагы эс албай, айыл-апаны көрөт элем. Менин айылга барганымды укканда айыл ичи эле эмес, райондон келип көрүнүп кетишчү. Кеп-кеңешимди берип, колуман келген жардамымды аябадым. Оорун бул жака алып келип, жеңилирээгин ошол жактан дарылар элем. Эмгек эч качан текке кетпей турганын ошондо билдим, ошентип жүрүп элге алынып калыпмын. Ыраазы болгон эл 2006-жылы айылдагы ФАПка менин атымды беришти.

-Ар бир эле хирургдун алгачкы операциясы эсинде калса керек?..

-Окууну бүткөнү дароо эле операцияга кирбейсиң. Алгач жардамчы болуп жүрүп, үйрөнөсүң. Мен деле ошентип жүрүп, 1-жолу мээге операция жасагам. Эмнегедир коркуу, сүрдөө же толкундануу деген болгон эмес. Тескерисинче аябай ырахат алгам. Азыр деле ошондой. Операциядан кийин эсине келбей жаткан бейтаптын өмүрүн тилеп, тынчсыздануу болот. Комада жатып, эртеси көзүн ачканда, кыймыл-аракеттер байкалганда кубангандан жашара түшөсүң. Жаны кыйналып, ажал менен арбашып жаткан адамды Кудайдын жардамы менен тигил дүйнөдөн тартып алгандай сезим болот. Бул нерсени өз кесибиме болгон берилгендигим катары түшүнөм. Анткени бардык эле дарыгерлер мындай ырахат ала бербейт. Андыктан бул ырахатты өмүрүмдө башка иштерден байкай элекмин.

-Өмүрүңүздүн 30 жылын кыргыз медицинасына берип, тапканыңыз анан жоготконуңуз кайсы болду?

-Дарыгер болгонум үчүн Кудайга анан КРнын Эл баатыры Миталип Мамытовго ыраазымын. Агай менен бирге жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Ал киши мен үчүн үлгү болчу, ага карап түздөнчүмүн. Кесибимдин аркасынан жашоодо көп нерсеге жеттим. Эч нерсе жоготкон жокмун, бирок тапканым көп болду. Бир туугандай болгон кесиптештерди таптым. Жашообуздун көп бөлүгү ушул жерде өткөндүктөн жумушуң экинчи үйүң болуп калат экен. Жумушумдун аркасынан үй-бүлө күттүм, бала-чака багып жатам. Эмгегимдин аркасында чет жерге чыгып, эл көрүп, жер кыдырдым.

-Үй-бүлөнүз жөнүндө айта кетсеңиз?

-Келинчегим экөөбүз 6 уулду тарбияладык. Улуу балам үйлөнүп, 2 неберем бар. Бир уулум менин жолумду жолдоп медицина тармагында билим алып жатат. Бош болгондо балдарым менен пикникке чыгабыз. Өзүбүз шаар сыртындагы айылда турабыз. Жумуштан барганда балдарым менен бирге чарба иштерин кылабыз. Бактарымды карап, короомду тазалап, тоокторумду багам. Кээ бирөө аны иш катары көрсө, бул мен үчүн эс алуу. Бала кезимен спортко жакынмын. Студент кезде шахмат, самбо менен алек болдум. Азыр ден соолугум үчүн чуркайм, балдарым менен волейбол ойнойм. Балдарымдын бардыгы дзюдого барат.

Маалымат: Нематила Арстанбеков Медицина илимдеринин кандидаты. Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери. Саламаттыкты сактоонун отличниги. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасынын жана Улуттук госпиталдын Ардак грамотасынын ээси.