Саясат
Некролог - Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду
Элита плюс
Июль 07, 2020 г.
Некролог - Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду
© Элита плюс

6-июлда 60 жаш курагында  Жогорку Кеңештин 5-6 чакырылыштарынын депутаты, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович каза болду.

Ал 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айылында төрөлгөн. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ч.А.Турсунбеков эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор кызматынан баштаган. 1989-1992-жылдары КМУУнун кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болуп иштеген. 1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдында Кыргызстан боюнча адис, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу «Манас дастаны» филиалынын директору, «Азаттык» радиосунун Түркия боюнча кабарчысы болуп иштеген.

1997-2010-жылдары «Акун» ААКнын башкы директору; «Бишкекункомбинаты» ААКнын башкы директору; «Кереге» ААнын директорлор Кеңешинин төрагасы; КР Ишкерлер Биримдигинин Президенти; ДЕИК кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы кызматтарын аркалаган.

Ч.А. Турсунбеков 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына депутат болуп шайланып, Жогорку Кеңеште КСДПнын парламенттик фракциясын жетектеген. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасына шайланганга чейин КСДП парламенттик фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери болгон.

2016-жылы 27- апрелде Ч.А.Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган жана бул кызматта 2017-жылдын 25-октябрына чейин иштеген. Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катары парламентаризмдин өнүгүүсүнө, эл аралык парламенттик байланыштардын жайылышына, эл аралык кызматташууга өзгөчө салым кошкон. Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болгон Турсунбеков Чыныбай Акунович ишкерликти өнүктүрүүгө жол ачкан жана республиканын жарандарынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечкен мыйзам долбоорлорун демилгелеген.

Ал филология илиминин кандидаты, СССР Жазуучулар жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, чыгармачыл инсан катары үч поэтикалык жыйнактын автору «Жүрөктөгү жаңырык» (1985ж.), «Шаарда жоголгон сөз» (1991ж.), «Жалын тоо» (2014ж.) болгон. Үч тилде чыккан «Манас» эпосу боюнча көркөм сүрөт менен коштолгон альбомдун котормочусу болуп, түрк жазуучусу Нихат Атсыздын «Көк жалдардын өлүмү» романын, «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» эки томдугун кыргыз тилине которгон. Республикалык ар түрдүү басма сөздөргө жарыяланган бир катар адабий жана сын макалалардын автору.

Ч.А.Турсунбеков активдүү позициясы жана экономикалык ишмердүүлүгү үчүн 1999-жылы «Жылдын мыкты бизнесмени» катары таанылган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган; 2003-жылы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Даңк» медалы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын III класстагы Мамлекеттик кеңешчиси чинин алган.